Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:08

15 бозгундун тагдыры жакынкы он күн ичинде чечилет


БИШКЕК. Учурда Оштогу утурумдук тергөө абагында кармалып турган өзбекстандык он беш атуулдун тагдыры жакынкы он күндүн ичинде чечилет. Эгерде, Финляндия, Нидерландия, Швеция өлкөлөрү өзбек атуулдарын алып кетпей турган турган болсо, Кыргызстандын Баш прокуратурасы эл аралык мыйзага ылайык, бозгундар маселесин өз алдынча чечет. Бул тууралуу Баш прокурор Азимбек Бекназаров «Азаттыктын» кабарчысына маалымдады.

Буга чейин жогоруда аттары аталган үч өлкө кыргыз бийлигинен өзбекстандык он беш бозгунду өз өлкөсүнө өткөрбөй турууну өтүнгөн жана ал он беш атуулду жакын арада өз өлкөсүнө алып кете тургандыгын билдирген.

XS
SM
MD
LG