Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:22

Кыргыз делегациясы Казандагы КМШ өлкө башчыларынын жыйынына катышты


БИШКЕК. 26-августта Казанда КМШ өлкөлөрүнүн жетекчилеринин жыйынында шериктештикке кирген өлкөлөрдүн ортосундагы гуманитардык кыматташтык жөнүндөгү келишимге кол коюлуп, КМШ өлкөлөрүнүн макулдашылган чек ара саясатын жүргүзүү жана 2010-жылга чейинки аскердик кызматташуу боюнча Концепциялар, 2006-2008-жылдарда КМШнын алкагында мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча программа кабыл алынды. Анда ошондой эле шериктештик өлкөлөрдүн 2005-2007-жылдар аралыгындагы терроризмге жана экстремисттик көрүнүштөргө каршы күрөшүү боюнча программа кабыл алынып, 2006-жылы КМШ өлкөлөрүнүн жылы деп жарыяланды. Жыйында шериктештиктин органдарын реформалоонун зарылдыгы тууралу да айтылды. Жыйындан соң КМШнын жетекчилери Казан шаарынын 1000-жылдыгына байланыштуу салтанатка катышышты. Кыргызстандын расмий делегациясы менен бирге Казанга Кыргызстандагы татар диаспорасынын да жоон топ өкүлдөрү барды.

XS
SM
MD
LG