БИШКЕК. “Түндүк электр” ишканасы Бишкектеги жана Койташтагы аскер бөлүктөрүнө электр кубатуулугун берүүнү 5 күндөн бери токтотушту. Аскер бөлүктөрүндө муздаткычта сакталган азык-түлүктөр бузулуп, жоокерлерди азыктандыруу кыйындады, деп билдирди Коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков. Анын айтымында, Бишкектин батыш тарабында жайгаштырылган абадан коргонуу бөлүгүнө да электр кубатуулугу берилбей, коопсуздук чарасын көрүүгө тоскоолдук түзүлгөн. “Жоопкерчиликсиз мамилеси үчүн “Түндүк электр” ишканасынын жетекчилерин жоопко тартуу керек”, - дейт Исмаил Исаков.
- Мындай айтканда, бул өзүбүздүн өлкөгө карата жасаган чыккынчылык десек болот. Себеби, аскер бөлүктөрүндө электр кубаттуулугу өчүрүлдү.Коргонуу коопсуздугуна коркунуч келди. Биздин аскер бөлүктөрүндө атайын даярдалган отун жок. Анын кесепетинен жоокерлер ачка калышты. Жалаң электр кубаттуулугу менен тамак аш даярдалып, муздаткычтарда азык-түлүктөр сакталат. Мына ошону билип туруп, электр кубаттуулугун атайын өчүрүшкөн. Менин оюмча,бул үчүн Башкы прокуратура тарабынанбы, аскердик прокуратура тарабынан болобу “Түндүк электр” ишканасынын тиешелүү жетекчилерине кылмыш ишин козгоо керек.
Ал эми “Түндүк электр” ишканасынын диспетчерлигинен электр кубаттуулугу Бишкектеги бардык электр бөлүштүрүү тармагына берилгендигин маалымдады. Аламүдүн райондук электр тармагынын нөөмөтчүсүнүн билдиргенине караганда, электр кубаттуулугуна карыздардын көбөйүп кеткендигине байланыштуу Койташ аскер бөлүгүнө электр кубаттуулугу берилүүчү эки тараптуу электр зымдарынын бир тарабы өчүрүлгөн.