Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:53

Казан саммитинде КМШнын органдарын реформалоо каралды


26-августта Татарстандын баш калаасы Казанда КМШ өлкөлөрүнүн жетекчилеринин саммити болуп ага Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев да катышты. Анда шериктештикке кирген мамлекеттердин ортосундагы бажы, чек ара, миграция маселелери боюнча бир позицияны иштеп чыгуу, КМШнын органдарын реформалоо, 2010-жылга чейинки аскердик кызматташуу боюнча Концепциялар, терроризмге жана экстремисттик көрүнүштөргө каршы күрөшүү боюнча программа кабыл алынган. Жыйындан соң президент Курманбек Бакиев баштаган Кыргызстандын расмий делегациясы Казан шаарынын 1000-жылдыгына байланыштуу салтанатка катышкан. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Абазбек Атаханов буларга токтолду:

- Негизинен Казанда саммитинде КМШнын органдарын реформалоо, келечекте өзүнүн ордун Евроазиялык чөлкөмдө кармоо жана аны өнүктүрүү боюнча маселелер козголду.

XS
SM
MD
LG