Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:09

Ошто ири өлчөмдөгү маңзат кармалды


ОШ. 29-август күнү эртең мененки саат ондор чамасында Ош шаарындагы Курманжан Датка чоң көчөсүндө шектүү делген ак түстөгү “Жигули” автоунаасы токтотулуп, текшерилди. Текшерүү учурунда автоунаанын тетиктерине жашырылган жалпы көлөмү 5 жарым килограмды түзгөн 25 баштыкча табылды. Анын ичиндеги затты экспертизадан өткөрүүдө Ооган өндүрүшүнөн даярдалган героин экендиги аныкталды. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын оперативдүү иштер боюнча орунбасары Сүйүнбек Өмүрзаков, жогоруда аталган “Жигулинин” айдоочусу 1981-жылы туулган Улукбек аттуу жигит автоунаанын тетиктерине жашырылган зат маңзат экендигин жана аны болжошкон жерге сатуу үчүн алып бара жаткандыгын мойнуна алгандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG