Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:05

Жогорку Кеңештин күн тартиби такталды


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин жайкы эс алуудан кийинки алгачкы жыйыны биринчи сентябрда өткөрүлөт. Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Эркинбек Алымбековдун «Азаттыктын» кабарчысына берген маалымытына караганда, адегенде депутаттар өкмөт башчылык кызматка Феликс Куловдун дайындоого макулдук берүү маселесин карашат. Андан соң депутаттар өкмөт тууралуу Конституциялык мыйзамды экинчи окууда талкуулап, кабыл алышат. «Аталган мыйзам президенттин кароосунда жиберилген учурда биз азыркы өкмөттүн жаңы курамына макулдук берүү маселесин карайбыз», - деп кошумчалады төрага орун басары. Ошондой эле ал Башкы прокуратуранын сунушуна ылайык Жогорку Кеңеш сентябрь айынын ичинде депутат Айдар Акаевдин кол тийбестик укугунан ажыратуу маселесин карай тургандыгын маалымдады.

XS
SM
MD
LG