Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:34

Университет шайлоо округунда үгүт өнөктүгү 2-сентябрда башталат


БИШКЕК. №1-Университет шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешке ат салыша турган талакерлерди каттоо мөөнөтү 27-августта аяктады. Экинчи сентябрдан тарта үгүт өнөктүгү башталат. БШКнын маалымат кызматынын башчысы Нина Мухинанын маалыматына караганда, бүгүнкү күнгө карата Университет шайлоо округу боюнча жети талапкер катталышты. Ал эми шайлоо он сегизинчи сентябрда өткөрүлөт. Университет шайлоо окуругу боюнча шайлоодо экс-президенттин кызы Бермет Акаева жеңип чыккан. Март ыңкылабынан кийин Жогорку сот шайлоо өнөктүгү учурунда олуттуу мыйзам бузуулар болгон деген айып менен Бермет Акаеваны депутаттык мандатынан ажыраткан.

XS
SM
MD
LG