БИШКЕК. «Трибуна» гезитинин башкы редактору Ырысбек Өмүрзаков өзүнүн Аскар Акаевдин мезгилинде Акүйдүн саясий тапшырмасы менен мыйзамсыз соттолгондугун айтып, толук актоону өтүнүп, Башкы прокуратурага 29-августа арыз менен кайрылды. «Трибуна» гезитинин башкы редактору соңку он беш жылдын ичинде эки жолу соттолуп, жеңилдетилген шартта төрт жылга түрмөгө кесилген. Алгач ирет ал 1996-жылы Нарын областында «Аскар Акаевдин анык жүзү» деген аталаштагы мамлекет башчынын абройюна шек келтирген баракчаларды таратты деп камакка алынып, Нарын райондук соту тарабынан эки жылга соттолгон. Андан көп өтпөй 1997-жылы 24-мартта «Трибуна» гезитине жарыяланган саясий макаласы үчүн 89 күн утурумдук тергөө абагында отуруп, эки жылга шарттуу түрдө кесилген.