ЧУКУЛ КАБАР!
18-Ноябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:01

Өзбекстанда оппозициялык саясатчы камакка алынды

Өзбекстандын "Эркин дыйкандар" партиясынын өкүлү Елена Урлаева ишемби күнү Ташкен шаарында камакка алынганы бүгүн белгилүү болду. Партия жетекчиси Нигара Хидоятованын айтымында, Урлаевага каршы - өкмөттү жамандаган маалымат тараткан деген күнөө коюлууда. Май айында болгон Анжиян окуяларынан кийин Өзбекстанда көптөгөн оппозициялык саясатчы жана журналист кармалды. "Эркин дыйкандар" партиясы - өкмөт тарабынан катталбаган уюм.
​
XS
SM
MD
LG