Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:38

Ооганстанга Индия жардам көрсөтүүдө


Ооганстанга сапар менен келген Индиянын премьер-министри Манмохан Сингх бүгүн Кабул шаарында өлкө парламентинин жаңы имаратынын пайдубалын түптөө аземине катышты. Анын айтымында, Ооганстанга кеңири жардам көрсөтүүгө Индия даяр:

- Ооган өкмөтү жана эли менен тыгыз кызматташып, өлкөнүн террорчулуктун ордосуна кайрадан айланып кетпеси үчүн Индия бардык мүмкүн болгон жардамын көрсөтөт.

Ооганстанга кызмат сапар менен бүгүн Алманиянын коргоо министри Петер Штрук да келди. Америкалык аскерий жетекчиликтин айтымында, Ооганстандын Кандагар провинциясында өткөн аптада Талибан кыймылынын жетекчилеринин бири Пай Мохаммад өлтүрүлдү.

XS
SM
MD
LG