Индонезия президенти Сусило Бамбаң Юдхойоно атайын билдирүү жасап, өлкөдө жаңы террор аракеттери ишке ашырылышы мүмкүн деп жарыялады. Анын айтымында, өлкөнүн коопсуздук күчтөрү жогорку даярдыкка келтирилди. 2002-жылы Индонезиянын Бали аралында, 2003-жылы өлкө борборундагы "Марриотт" мейманканасында жана 2004-жылы Австралия элчилигине каршы жасалган чабуулдардан бардыгы болуп 225 адам набыт кеткен.