Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:32

Ирак Конституциясынын долбоору даярдалганына жогору баа берилүүдө


Ирак Конституциясынын долбоорун өлкөнүн сунни мусулмандары жактырбаганына карабай, дүйнөлүк коомчулук ал долбоорго жогору баа берүүдө. АКШ президенти Жорж Буштун айтымында, Конституцияны даярдаган адистер эрдик кылды:

- Заман койгон маселелерди чечүүгө жарамдуу экенин Ирак эли дагы бир жолу көрсөттү. Алар даярдаган документ алыскы максатты көздөйт жана динди эркин тутуу, эркин жыйын өткөрүү, өз оюн эркин билдирүү сыяктуу негизги эркиндиктерди коргойт.

Долбоор жекшемби күнү Ирак парламентинде окулду, бирок депутаттар аны жактыруу боюнча добуш берген жок, андан соң Конституциянын тексти элге таратылды. Өлкөнүн сунни мусулмандары долбоорду жактырган жок жана Ирактагы абалды калыбына келтирүү үчүн Бириккен Улуттар же Араб Лигасы сыяктуу уюмдар аракет көрүүгө тийиш деп билдирди.

XS
SM
MD
LG