Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:52

“Талас дан-азык” АКсында жок кылынган ири өлчөмдөгү мамлекеттик буудай ордуна коюлду


ТАЛАС. “Талас дан азык” акционердик коомуна караштуу Бакайата районундагы Боотерек айылындагы эгин кампасында турган мамлекеттик резервдеги 278 миң 198 кг. азык-түлүк буудайын кампа башчысы Сыргак Апитов өзүнүн деректири Султан Кашкараев менен макулдашып жок кылып жиберген. Бул факты боюнча облустук прокуратура быйылкы жылдын 13-апрелинде кылмыш ишин ачып, тергөөнүн жүрүшүндө мамлекетке келтирилген 1 млн. 947 миң 55 сомдук чыгымдын орду толтурулган. Бакайата райондук соту Сыргак Апитовду Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренесинин 2-бөлүмү менен айыптуу деп тапкан. Ал эми “Талас дан азыктын” президенти Султан Кашкараевге байланыштуу кылмыш ишинин материалдары өзүнчө өндүрүшкө алынды. Ушуга ылайык анын баш коргоо чарасы камакка алуу түрүндө аныкталып, ага издөө жарыяланды. Ал Аскар Акаевдин Таластагы жакындарынын биринин баласы. Бул туурасында облустук прокуратурадан 30-август күнү маалымдашты.

XS
SM
MD
LG