БИШКЕК. Америкалык журналисттмин деп өзүн тааныштырган Майкл Найт Аламүдүн районундагы Воронцовка айылында жергиликтүү милиция кызматкерлери тарабынан 23-августта кармалып, андан кийин ур-соккуга алынганын 30-августта билдирди. Анын айтымында, бул окуя боюнча Ички иштер министрлиги жана Башкы прокуратура тийиштүү чараларды көргөн жок. Ошондуктан ал Акыйкатчыга арыз менен кайрылды. Ал эми Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу бул арызды иликтөөгө киришкенин жарыялады. Майкл Найттын айтымында, ал Воронцовкада эс алып жүргөн. Паспорту жоктугуна байланыштуу милиция кызматкерлери тарабынан кордук көргөн. Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Нурдин Жангараевдин билдирүүсүнө караганда, Майкл Найт Воронцовкада беш күн бою эс алып, бирок акысын төлөбөй койгондуктан башкы дарыгер милиция кызматкерлерин чакырууга аргасыз болгон. Кандай болгон күндө да ички иштер министрлиги бул маселени текшерүүгө алат, - деп белгиледи