Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:58

Бакиевге ишеним грамотасы тапшырылды


БИШКЕК. 30-августта президент Курманбек Бакиевге алты мамлекеттин Кыргызстандагы ыйгарым-укуктуу элчилери ишеним грамотасын тапшырды. Алардын ичинде АКШнын Кыргызстандагы жаңы элчиси Мари Йованович айым болду. Ишеним грамотасын алып жатып Курманбек Бакиев Кыргызстан АКШны маанилүү өнөктөш, негизги инвестор жана донор мамлекет катары караарын жана эки мамлекеттин мамилеси мындан ары да өнүгөрүнө ишенээрин билдирген. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. АКШ элчисинен сырткары Замбия, Испания, Сербия-Черногория, Словения жана Корея Элдик-Демократиялык Республикасынын элчилери да ишеним грамотасын тапшырды.

XS
SM
MD
LG