Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:12

Акыйкатчы КМШ мамлекеттеринде болду


БИШКЕК. Украина жана Беларустагы кыргыз эмгек мигранттарынын укуктары бул өлкөлөрдөгү кыргыз элчиликтери тарабынан дурус деңгээлде корголууда. Ал эми Орусия жана Казакстандагы элчиликтер мына ошолордой иштеп жатат деп айтууга болбойт, деп билдирди Кыргызстан Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу шейшембиде. Акыйкатчынын маалыматы боюнча, ал жакында эле Орусияда, Украина, Беларуста болуп кайтты. Москвада кыргыздар балмуздак сатуу, көчө шыпыруу жана куруучулук тармагында иштеп жатышат. Алардын көпчүлүгү өздөрүнүн укуктарын жана кыргыз элчилигинин кайда экенин да билишпейт. Ошондуктан элчиликке атайын маалымдама чыгаруу жана мигранттар менен тыгыз иштөө сунушталды. Казакстанга болсо тамеки жыйноо иши аяктап, кыргыз эмгек мигранттары маянасын алуу алдында барып, алардын өз акысын толук алуусуна жардам берүүгө аракет жасайбыз, деп белгиледи Турсунбай Бакир уулу.

XS
SM
MD
LG