БИШКЕК. 2006-жылга өлкөнүн бюджет долбоору ушул жума ичи каржы министрлиги тарабынан түзүлүп бүтүп, 3-4-сентябрда өкмөттүн кароосуна коюлат. Андан кийин 6-сентябрда парламенттин кароосуна жөнөтүлмөкчү. Бул тууралуу каржы министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка караганда, бул жолу бюджет долбоору парламентте үч окуудан өтүүгө тийиш. 2005-жылы ички дүң продукты 3%, ал эми келерки жылы 5% өсөөрү күтүлүүдө.