Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:18

Өзбекстан Кыргызстандын түндүгүнө газ берүүдөн баш тартты


2005-жылдын аягына чейин Кыргызстан «Кыргызгаз» менен «Узтрансгаздын» ортосунда түзулгөн келишим боюнча газ менен камсыздалат. Ага ылайык, өлкөнүн түштүк облустарына 103 млн. куб метр көлөмүндөгү газ берилет. Ал эми өлкөнүн түндүк бөлүгүн газ менен камсыз кылуудан Өзбекстан баш тартты. Ошондуктан, Бишкек менен Чүй облусу газ менен Казакстанга берилген газдын эсебинен камсыздалат. «Кыргызгаздын» башкармалыгы Ташкенттин мындай чечимин саясий себептер менен байланыштырууда. Учурда Казакстанга Кыргызстандын газ үчүн болгон карызы 17 млн. АКШ долларын түзөт. Бирок бул карыздарды реструктурлаштыруу маселеси кыргыз-казак өкмөттөр аралык комиссиясында каралышы мүмкүн. Бүгүнкү күндө калктын «Кыргызгазга» болгон карызынын көлөмү 186 млн. сомду түзөт. Бул тууралуу 30-августта «Кыргызгаздан» маалымдашты.

XS
SM
MD
LG