Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:15

Акыйкатчы өзбек качкындарын Ташкенге берүүгө каршы


БИШКЕК. Оштогу тергөө абагында кармалып турган 15 өзбек качкыны Өзбекстанга эмес, үчүнчү өлкөгө берилиш керек. Бул тууралуу Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу 30-августта билдирди. Анын айтымында, ал өткөн жумада Башкы прокурор Бекназаров менен бул маселе боюнча сүйлөшкөн, анда Бекназаров 10 качкынды үчүнчү өлкөгө, ал эми оор кылмыш жасаган деп шектелген бешөөсүн Өзбекстанга өткөрүп берүү керектигин билдирген. Турсунбай Бакир уулу дүйшөмбү күнү Оштогу тергөө абагында 15 качкын менен жолугушкан. Анда алардын баары диний экстремизмге тиешеси бар деп шектелип, расмий Ташкен тарабынан куугунтукталып жатышканын билдирип, Өзбекстанга өткөрүп бербөөнү өтүнгөн.

XS
SM
MD
LG