Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:52

АКШнын Луизиана штатында “Катрина” деген катуу бороон-чапкын болду


АКШнын Луизиана штатынын Жаңы Орлеан шаарында катуу шамал болду. «Катрина» деп аталган бул бороондун күчү ушул сааттарда кичине басаңдап, ал азыр түндүккө карай жылып жатканы тууралуу кабарлар түшүп жатат. Жаңы Орлеандын айрым жерлерин суу каптап калды. Адамдарды башка жерлерге көчүрүү убагында үч киши өлгөнү маалым болду. 20 үй бузулуп, айрым райондор электр жарыгысыз калды. Шаардан жана ага жакын жерлерден жарым миллиондой адам башка жерге көчүрүлдү. Шаардагы үстү жабык чоң стадиондо 9 миңдей адам жашынып турат. Луизианада жана ага коңшулаш Миссисипи менен Алабама штаттарында өзгөчө кырдаал жарыяланды. Президент Жорж Буш жаратылыш кырсыгынан жапа тарткандарга жардам берилет деп убада кылды.

XS
SM
MD
LG