Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:30

АКШ жээгине тийген бороон-чапкындан сексенден ашык адам өлдү

АКШнын түштүк жээгине кечээ күнү “Катрина” деген атка конгон бороон-чапкын тийгенден Миссисипи штатында сексенден ашык адам курман болду. Кошуна Луизиана штатындагы Нью-Орлеан деген шаарды бороондун айынын көтөрүлгөн суу каптады, анын мэри Рэй Нэйжиндин айтымында, шаардын эки аэропорту тең суу алдында калды:

- Нью-Орлеан оор абалга кабылды, анын 80 пайыз аймагы суу алдында калды, суу алты метирге чейин бийик көтөрүлдү. Эки аэропорт тең суу алдында, 17-көчөдө курулган ири дамба дагы суунун ылдыйлашына тоскоолдук түзүүдө, кыйроого улам жаңы аймактар кабылып жатат.
XS
SM
MD
LG