Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:06

Грузиянын белгилүү журналисти абакка кесилди


Грузия соту кечээ күнү белгилүү журналист Шалва Рамишвилини үч айга эркинен ажыратууга кести, ал өткөн ишемби күнү кармалган. Журналистке коюлган күнөө боюнча, ал бийликтеги партиянын мүчөсү, Коба Бекаури деген депутаттан 100 миң доллар доолап, акча төлөнбөсө, депутатка каршы компромат жарыялайм деп коркуткан. Сотто Рамишвили бардык күнөөнү четке какты жана депутат өзү ага акча сунуш кылып, кээ бир маалыматтарды жарыялабоону талап кылган деп бидирди.

XS
SM
MD
LG