Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:36

Казак президенти шашылыш реформа өткөрүүгө каршы


Казак президенти Нурсултан Назарбаев бүгүн Астана шаарында өлкө Конституциясынын он жылдыгына арналган конференцияда чыгып сүйлөп, жакшы даярдалбаган реформаларды шашылыш түрдө ишке ашырса, ал бейстабилдүүлүккө алып келиши мүмкүн деп билдирди. Назарбаевдин айтымында, Казакстанда азыр саясий плюрализм бар, анткени көптөгөн бейөкмөт уюм жана өкмөттүк эмес маалымат каражаттары иштейт. Он беш жылдан бери өлкөнү башкарган Назарбаев келерки декабрда өтө турган кезектеги президенттик шайлоого да катыша турганын билдирген.

XS
SM
MD
LG