НАТО уюмунун аскерий жетекчиси генерал Жеймс Жонс бүгүн эки күндүк кызмат сапар менен Ооганстанга келди жана өлкө президенти Хамид Карзай менен жолугуп, Ооганстандагы коопсуздук маселелерин талкуулайт. Өлкөдө азыр 10 миңге жакын НАТО аскерлери бар жана алар үстүбүздөгү жылдын аягына чейин Ооганстандын түштүк аймактарындагы абалды көзөмөлгө алууга тийиш. Ал аймактарда азыр АКШ жетектеген эл аралык коалициянын аскерлери жайгашкан.