Бүгүн Ирак менен Сирия ортосундагы чек арадагы Каим деген шаарга америкалык аскерлер абадан чабуул жасагандан элүүгө жакын адам курман болду. "Ройтерс" маалымат агенттигинин кабарлашынча, 47 адам өлдү, алардын отуз беши бир үйдө болгон. "Франс пресс" агенттиги болсо 56 адам курман болгону тууралуу айтууда. "Ассошиейтед пресс" агенттигинин кабарына караганда болсо, жергиликтүү тургундар ортосунда кагылышуу чыгып, андан 35 адам өлгөн. Америкалык аскерий жетекчилердин айтымында, "ал-Каида" террордук уюмунун жоокерлерине каршы сокку урулган.