Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:59

БИРИККЕН УЛУТТАР УЮМУ КЫТАЙДАГЫ АДАМ УКУКТАРЫНЫН АБАЛЫНА КАБАТЫР


Төрөкул Дооров, Прага Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссары Луиза Арбур айым Кытайга сапарын ырасмий Бээжинди өлкөдөгү адам укуктарын жакшыртууга үндөөгө пайдаланып калууга жумшап жатат. Анткен менен, Кытай жетекчилиги адам укуктары маселесин атуулдук эркиндиктин эмес, экономикалык өнүгүүнүн чегинде кароо зарыл деп эсептейт.

Кытай өзүндөгү адам укуктарынын оор абалы жөнүндө эл аралык коомчулук тарабынан айтылып жаткан сындарга көнүп деле калды. Ошондуктан, Улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча толук ыйгарым укуктуу өкүлү Луиза Арбур бул жолу бетме-бет сүйлөшүү учурунда Кытай башчылыгына адаттагыдай талап койбой, ал жерде Бээжин проблемасы боюнча симпозиум ачты.

Ал Кытайдын өзүн жеке мисалга алып сындагандын ордуна, адам укуктары жалпы эле Азияда оор абалда экенин билдирди:

- Жалпысынан, маселенин маанилүүлүгү бул татаал проблеманы чечүү үчүн жалпы аракеттин иштелип чыккандыгында. Ал аракет мамлекеттерге регионалдык балуулуктардын негизинде бөлүнбөй, өзүндөгү улуттук структуралардагы көйгөйлөрүнө көңүл бурганга жардам берет. Мунун өзү адамдардын укуктары тебеленип жаткан чакта, абалды толук өзгөртүп, жакшы нукка бурууга көмөк болот. Буга жетишүү – биздин бүгүнкү негизги максаттардан болуш керек.

Жогорку комиссар Кытайга сапары учурунда өлкөдө жарандык жана саясий эркиндик боюнча Эл аралык пакт ратификациядан өтүшү үчүн атайын келишим кабыл алаары күтүлүүдө. Аталган пакт 1976-жылы иштей баштаган жана өлкөдө адамдардын расасы, түсү, улуту жана жынысы, ошондой эле саясий көз караштарына карабай баарына бирдей эркиндиктин болушун шарттайт. Документке Кытай жетекчилиги 1998-жылы кой койгон, бирок ал азырга чейин ратификациялана элек.

Адам укугун коргоочулар дайыма Кытайды адам укуктарын орой бузуп жатат, деп айыптап келишет. Өзгөчө, мамлекеттеги маалымат каражаттарына жасалып жаткан басым, этникалык жана диний азчылыктардын оор абалы үчүн Кытай утуру сынга кабылып турат.

Ал эми бул ири державанын ырасмий өкүлдөрү аларга айтылып жаткан айрым сындарга чынында кошулаарын билдиришти, бирок алардын оюнда, Кытай адам укуктарын башкача жол менен коргоп жатат.

Мисалы, акыркы 20 жылдай мезгил аралыгында өлкөдө жүз миллиондогон адам ачкачылыктан башын көтөрүп, таза суу ичип, дурус тамактанып калды, жакшы жабдылган там-жайларга көчтү. Мына ушунун баары, Кытай жетекчилигинин ишениминде, адам укуктарынын башкы баалуулуктарын коргоо дегенди түшүндүрөт.

Жумурияттын мамлекеттик кеңешчиси Танг Яксуан адам укуктары боюнча симпозиумда сүйлөгөн сөзүндө буларга токтолду:

- Ачарчылык – биздин региондо адам укуктарын коргоо ишин басаңдатып жаткан негизги тоскоолдук. Андыктан биз өлкөнү экономикалык, социалдык жана маданий жактан өнүктүрүүнү башкы милдетибиз деп билебиз. Кыскасын айтканда, адам укуктарынын абалын жакшыртуу үчүн региондун ар-тараптуу өнүгүшү үчүн аракетибизди күчөтүшүбүз зарыл.

XS
SM
MD
LG