Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:24

Мектептер ата-энелердин күчү менен ремонттолду


БИШКЕК. Республикадагы мектептердин 95 пайызы ата-энелердин күчү менен ремонттолду. Бишкек мэриясынын билим берүү бөлүмү тараткан бул маалыматты Билим берүү минитсринин милдетин аткаруучу Досбол Нур уулу да тастыктады. Минситрдин айтымында, республика боюнча мектептердин 96 пайызы жаңы окуу жылына даяр. Мындан ары жергиликтүү бийликтерде атайын фонд түзүлүп, мектеп муктаж чыгымдарга жумшалууга каражат топтолот. Бишкек мэриясы билдиргенге караганда, атайын жүргүзүлгөн сурамжылоолор ата-энелер мектептерге жардам берүүгө макулдугун көрсөткөн, бирок ал каражаттар ачык- айкын жана таза пайдаланышын талап кылышат. Министр Досбол Нур уулунун айтымында, мектептердин ремонту үчүн каражат эмдиги жылы республикалык бюджетке киргизилиши күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG