Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:13

Владимир Путин Курманбек Бакиевди куттуктады


БИШКЕК. Орусиянын президенти Владимир Путин президент Курманбек Бакиевди эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Анда Орусия менен Кыргызстан ортосундагы достук, өз ара сый мамиле эки өлкөнүн кызматташтыгын мындан аркы чыңдалышына өбөлгө болоору белгиленген. Ушул эле күнү Германиянын президенти Хорст Келлер мырзадан да Курманбек Бакиевге куттуктоо телеграммасы келди. Германия президенти Курманбек Бакиевдин 10-июлдагы жеңиши Кыргызстан мындан ары демокартиялык жолго ишенимдүү кадам таштаарына үмүт пайда кылды деп жазган. Хорст Келлер куттуктоосунда Германия Кыргызстандын ишенимдүү шериги бойдон калаарын билдирген.

XS
SM
MD
LG