Мурдагы Советтик блокко кирген аймакта алгачкы көз карандысыз кесиптик кошун катары катталган “Тилектештик” уюмунун мааракесине Гданьск шаарында 20дай мамлекеттин башчылары жана көптөгөн саясатчылар чогулушту. “Тилектештик” кыймылы – 1980-жылы Гданьсктагы Ленин атындагы кеме куруучу заводдогу көтөрүлүштүн деми менен калыптанган. Гданьскта бүгүн азыркы кесиптик кошундун 200дөй мүчөсү жашоо шарттарына нааразылык билдирип пикетке чыгышты.