Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:18

Ирактагы тоз-тополоң жети жүзгө жакын адамдын өмүрүн алды


Ирактын саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү бүгүн Багдадда элдин тополоңунан кыйраган көпүрөдө 700дөй адам каза тапканын билдирди. Дагы 300дөн ашуун киши жараат алды. Шийилердин диний жөрөлгөсүн аткарууга бараткан элдин арасында жанкечти террорчу бар деген имиштен улам толкуп кеткен эл тополоң салып, далайы өз боюн Тигр дарыясына таштап, калганы кыйраган көпүрө менен кошо кулаган. Кырсык болгон жерде куткаруучулар иштеп жатышат. Ирактын бийлик өкүлдөрү курман болгондордун саны дагы көбөйүшү мүмкүн деп эскертүүдө.

XS
SM
MD
LG