Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:17

Билим күнү президент Бакиев мугалимдер жана окутуучулар менен жолукту


БИШКЕК. 1-сентябрда Президент Курманбек Бакиев Улуттук университетте Бишкек шаарындагы мектептердин жана жогорку окуу жайлардын мугалимдери менен жолугушту. Алгач мугалимдерди билим күнү менен куттуктаган президент Курманбек Бакиев андан аркы сөзүндө билим берүү тармагындагы азыркы абалга баа берүү менен бул тармак приоритеттүү багыттардын бири бойдон кала берээрин белгиледи. Мамлекет башчы ошондой эле тармактын өксүктөрүнө да токтолуп, быйылкы окуу жылында өлкө боюнча 4 миңдей мугалим жетишпестигин, жогорку окуу жайлар көбөйгөнү менен билим берүүнүн сапатына көп көңүл бурулбай калганын белгиледи. Жолугушуу андан ары суроо жооп иртеинде уланып, негизинен айлык акыга байланышкан суроолор көп болду. Президент бул маселе экономикалык абалга байланыштуу чечилээрин, алдыдагы жылдарда жүргүзүлчү админстративдик-башкаруу структураларын кыскартуудан үнөмдөлчү 500 миллион сомдой акча мугалимдердин эмгек акысын көтөрүүгө жумшалаарын билдирди. Бул тууралуу ушул эле күнү президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Быйылкы билим күнүндө республика боюнча 97 миң жеткинчек мектеп босогосун жаныдан аттады. Жалпысынан быйыл 1 млн. 125 миң окуучу 2066 мектептен билим алышат.

XS
SM
MD
LG