Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:15

Улан Сарбанов үй камагына алынды


БИШКЕК. Улуттук банктын төрагасы Улан Сарбанов Башкы прокуратура тарабынан үй камагына алынды. Бул тууралуу 2-сентябрда Баш прокурор Азимбек Бекназаров Жогорку Кеңеште билдирди. Улан Сарбановго 1999- жылы “экс-президентке мыйзамсыз 480 миң доллар берген жана кызматынан кыянаттык менен пайдаланган” деген айыптар тагылып, кылмыш иши козголду. Улуттук банктын төрагасы 2-сентябрда адвокатынын коштоосунда Башкы прокуратурага келип кеткен. Азимбек Бекназаров билдиргенге караганда, Аскар Акаевдин тушундагы чуулгандуу кылмыш иштер боюнча 6 иш сотко өттү. Мисалы, Рыспек Акматбаев учурда иши менен таанышып жатат, деди Баш прокурор. Ал эми “18 миллион долларды ыйгарып алган”, деп айыпталган Шалкар Жайсаңбаевдин иши эмки айда сотко өткөрүлөт.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG