Линктер

дүйшөмбү, 23-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 17:48

Арменияда президенттин бийлик укугу чектелет


Армения парламенти Конституцияга президенттин бийлик укукун чектеген жана соттордун өз алдынчалыгын кеңейткен өзгөртүү киргизди. Өзгөртүүгө ылайык, парламенттин өкмөттү түзүүдөгү ролу өсөт. Президент эми өкмөт башчысы жана Укуктук маселелер боюнча кеңештин төрагасы болбой калат. Ошондой эле кош жарандуулукка да уруксат берилет. Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөр жалпы элдик референдумда бекитилиш керек.
XS
SM
MD
LG