Жапониянын Экинчи дүйнөлүк согуштун соңунда багынып бергенине бүгүн 60 жыл толду. Жапониянын өкүлдөрү багынганын тастыктаган келишимге кол коюлгандан жарым саат өтпөй Токио булуңуна АКШлык аскерий кеме 13 миң америкалык жоокерди таштаган. АКШнын Жапонияны оккупациялоосу 1952-жылы аяктап, Токио Вашингтондун жакын союздашына айланган.