Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:56

Топон суу баскан Жаңы Орлеан шаарында катуу жардыруу болду


СNN телеканалы темир жолдо турган вагондор жарылганын, эксперттер жардыруу болгон жайга жеткенге аракеттенип жатышканын кабарлады. Калаада топон суудан жабыркаган он миңдеген жарандар тамак-ашсыз жана суусуз отурат. Жаңы Орлеандын мэри Рэй Нэжин борбордук бийликтерди тез чара көрбөдү деп күнөөлөдү.

АКШнын түштүк жээгин дүйшөмбү күнү каптаган “Катрин” бороону 1 миллиондой адамды там жайларын таштап кетүүгө мажбурлады. Аймакта талап-тоноочулук күч алууда. Луизина штатынын губернатору Улуттук гвардия тартипти орнотуу үчүн ууру-кескилерге каршы ок ачаарын эскертти.

Президент Жорж Буш алааматтан жабыркаган аймакты калыбына келтирүүгө жардымдашууну сурап, жеке ишкерлерге кайрылды:


- Калыбына келтирүү жараяны узакка созулат. Ал үчүн күжүрмөн эмгек, сабырдуулук жана чечкиндүүлүк керек. Бул иш көп акчаны да талап кылат. Федералдык өкмөт өзүнө тийиштүү иштерди бүткөрөт. Бирок бул ишке менчик сектор да жардамдашуусу абзел.

Евробиримдиктин тышкы иштер комиссары Хавьер Солана Европа өлкөлөрү АКШга мунай жана башка керектүү заттардан жардам берүүгө даяр экенин билдирди. Германиянын канцлери Герхард Шрөдер эл аралык коомчулукту мунай корунун эсебинен жардам берүүнү сунуш кылды. Бул сунушту Өнөр жайы мыкты өнүккөн 26 өлкөнүн мунай корлорун координациялаган Энергетика боюнча эл аралык агенттик колдоду. Орусиянын Газпром компаниясы газ жүктөгөн биринчи орусиялык кеме бүгүн АКШга жетээрин билдирди.

XS
SM
MD
LG