Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:46

Президент менен төрага жолугушту


БИШКЕК. 3-сентябрда өкмөт үйүндө президент Курманбек Бакиев менен Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев жолугушту. Анда 7-9-сентябрда парламент төрагаларынын Нью-Йоркто боло турган дүйнөлүк конференциясына катышуу маселеси талкууланды. Ал конференцияда Өмүрбек Текебаевдин сөз сүйлөшү күтүлүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы кабарлады. Анын айтымында, парламент болсо дүйшөмбү күндөн тарта «Өкмөт жөнүндөгү» Конституциялык мыйзамды кароого киришет. Андан кийин өкмөттүн структурасы жана мүчөлөрүн дайындоого макулдук берүү маселеси карала баштайт. Бул иштер 15-сентябрга чейин аякташы мүмкүн, деп белгиледи Өмүрбек Текебаев.

XS
SM
MD
LG