Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:02

Тоо-кен тармагындагы абал оор


БИШКЕК. Адам укугун коргоо комитети жана экономика, техника тармактарындагы окумуштуулар жана легендарлуу парламенттин депутаттары президент Курманбек Бакиевге кайрылуу жолдошту. Анда өлкөдөгү тоо-кен тармагындагы, анын ичинде алтын өндүрүүдөгү азыркы абалга карата тынчсыздануу билдирилген. Кайрылууда белгилегендей, Кыргызстандагы эң ири алтын кени -Кумтөр кени өлкөнүн пайдасына чечилбеген келишим менен канадалык «Камеко» фирмасына иштетүүгө берилген, 1993-2010-жылдарды камтыган «Кыргыз алтын» программасынын үчтөн бири да аткарылган эмес, Кумтөр кени ишетегенден бери өкмөт Камеко фирмасынан канча тонна алтын сатып алгандыгы белгисиз бойдон калып келүүдө. Кайрылуу ээлери тоо-кен өндүрүшүндөгү, алтын тармагындагы жасалган иштерди анализдеп чыггуунун зарылдыгын айтышып, мурдагы катачылыктарды эске алуу менен тармакты өнүктүрүүнүн жаңы программасын иштеп чыгууну сунушташкан. Мында ошондой эле тармакта ката иштердин жасалышына жол берген жетекчилер Акаев, Чынгышев, Жумагулов, Жумалиев, Танаев, Нанаев, Сааданбеков, Дастан Сарыгулов жана Аскар Сарыгулов, Өмүралиев эл алдында өз бааларын алат деген ишенич билдирилген.

XS
SM
MD
LG