Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:25

Курманбек Бакиев Москвага барат


БИШКЕК. 4-5-сентябрда президент Курманбек Бакиев жумуш сапар менен Москвада болот жана анын учурунда Орусия президенти Владимир Путин, премьер-министри Михаил Фрадков, Москванын мэри Юрий Лужков жана Мамлекеттик Думанын төрагасы Борис Грызлов менен жолугушат. Анда негизинен эки мамлекеттин экономикалык кызматташуусун өнүктүрүү маселеси талкууланат. Кыргыз делегациясынын курамында каржы министринин милдетин аткаруучу Акылбек Жапаров, ички иштер министринин милдетин аткаруучу Мурат Суталинов бар. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан 3-сентябрда кабарлашты. Маалыматка караганда, сапар учурунда интеллектуалдык менчикти коргоо жана Кыргызстандын Орусияга карызына байланыштуу келишимге кол коюлат.

XS
SM
MD
LG