БИШКЕК. Борбордук шайлоо комиссиясынын мурунку төрагасы Сулайман Иманбаевге “кызмат абалынан кыянат пайдаланган” деген айып коюлуп, Башкы прокуратурага суракка чакырыла баштады. Бул маалыматты Сулайман Иманбаев өзү да 3-сентябрда ырастады. Анын айтымында, ага парламенттик шайлоого байланыштуу күнөө коюлууда жана келерки жумада сурак уланат. Ошондуктан ал адвокат жалдап, өзүн коргоого даярдык көрүүдө.