Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:31

Түндүк Кореянын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөрдүн уланышы күмөн


Американын конгрессмендери Түндүк Кореянын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөрдү жандантуусуна анча ынана бербегендиктерин билдиришти. Демократиялык партиянын өкүлү Том Лэнтос жана Республикачылар партиясынын өкүлү Жим Линч Пхеньянга барып келгенден кийин Пекинде өткөн пресс-конференцияда Түндүк Корея сүйлөшүүгө 12-сентябрда келет деген ой пайда болгонун билдиришти. Аны менен бирге Пхеньян өзөктүк реакторлорду сууда колдонууга мүмкүндүк берилүүсүн талап кылып жатат кабарлашты.

Жим Линч ал тууралуу буларга токтолду:

- Ооба, алар муну талап кылып жатышат. Бул талкуудагы эң оор маселе.

Так ушул маселе өзөктүк программа боюнча сүйлөшүүлөрдү августта туңгуюкка кептелткен болчу.

XS
SM
MD
LG