Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:17

АКШ бороон-чапкындын кесепеттерин жоюу чараларын күчөттү


АКШнын президенти Жорж Буш жамгыр аралаш бороон чапкындан кыйрап калган Луизиана жана Миссисипи штаттарында куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн 7 миң аскерди жөнөтөөрүн билдирди. Жаңы Орлеан шаарына өлкөнүн Улуттук гвардиясынын аскерлери тамак-аш, кийим-кече алып барып, элге тарата баштады. Аскерлер “Суперүй” деген стадиондо баш калкалап турган 10 миң адамды башка жакка көчүрүдө. Ал жерде жапа чеккен адамдардын көбү кара түстөгү адамдар болгондуктан алар АКШ бийлиги куткаруу чараларын жакшы көрбөй жатат деп, өзүлөрүнө түстөш мамлекеттик катчы Кондолиза Райска нааразылык билдиришкен.

Кондолиза Райс болсо америкалыктар андай тандоого жол бербестигин айтты:

- Америкалыктардын эмнени гана башынан өткөрүүгө дуушар болгонун көрүү абдан кыйын. Албетте, афро-америкалыктар андан катуу жапа чегишти. Бардыгы америкалыктарга колунан келишинче жардам берип жатышат. Алардын азап чегүүсүн эч ким каалабайт.

XS
SM
MD
LG