Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:48

Саддам Хусейндин соту 19-октябрда башталат


Ирактын мурдакы лидери Саддам Хусейн жана анын жети жакын жардамчысынын соту 19-октябрда болот. Ырасмий билдирүү бүгүн Багдадда жасалды. Саддам жана анын мурдакы жардамчылары 1982-жылы Багдаддын ныптасындагы Дужайл кыштагынын 143 тургунун, ага каршы ашпай калган кол салууга тиешеси бар делип атылганы үчүн сот алдында жооп беришет. Саддам мындан тышкары күрттөрдү газга ууктурганы жана шиитерди массалык кыруу үчүн жооптуу деп күнөөлөнүүдө.

Кечээ Бакуба шаарына жакын жердеги чабуулдарда Ирактын коопсуздук кызматынын 19 жоокери катардан чыгып, Самарра шаарында төрт жаран окко кабылып өлгөнү маалымдалды.

XS
SM
MD
LG