Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:23

Кочкоратада мунай жана газ өндүрүүчүлөрдүн кесиптик майрамы белгиленди


ЖАЛАЛАБАТ. Кесиптик майрамга арналган салтанат Кочкората шаарынын борбордук стадионунда жана өнөр жай ишканаларынын мекемелеринде белгиленди. Анда мунай менен табигый газды чет өлкөлөрдөн кымбат баада сатып алгандыктан анын канчалык маанилүү экендиги айтылып, өндүрүшкө зор салым кошкон тармак кызматкерлерине сый урматтар көрсөтүлдү жана баалуу сыйлыктар тапшырылды. Өлкөдөгү тармактуу жалгыз ишканада эки миңден ашык адам эмгектенет. Облустук бийликтен алынган маалыматка караганда, жети айдын ичинде “Кыргызнефтегаз” акционердик коому 30,6 миң тонна мунай жана 14,2 миллион чарчы метр табигый газ өндүргөн. Быйыл жаңыдан сегиз скважина ишке берилди. Эки тараптуу келишимге ылайык, чет элдик беш компания Кыргызмунайын горизонталдуу деңгээлде өндүрүүгө салымын кошууда.

XS
SM
MD
LG