Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:28

Качкындардын ишин иликтөө улантылууда


БИШКЕК. Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча башкы комиссариатынын өкүлдөрү ОШ шаарындагы абакта убактылуу кармалып турган өзбекстандык 15 качкындын иши менен таанышууну улантып жатышат. Бул тууралуу 4-сентябрда тышкы иштер министрлигинин түштүктөгү өкүлү Бектур Аданов билдирди. Анын айтымында, комиссариаттын өкүлдөрү оор кылмыш иштерин жасагандыгында күнөөлөнүп жаткан 15 өзбек бозгунуна байланыштуу өзбек тараптан жиберилген маттериалдар менен таанышып, жакында өз корутундуларын жарыялашат. Тышкы иштер министрлигинин өкүлү белгилегендей, Качкындар боюнча комиссариаттын өкүлдөрү миграция департаменти тарабынан буга чейин берилбей калган 4 өзбек бозгунуна да качкын макамынын берилишине кызыкдар.

XS
SM
MD
LG