Франциянын баш калаасындагы үйдү бирөө атайын өрттөп жиберген деп шектелүүдө. Өрт тез эле өчүрүлдү, курмандыктардын көбүн ис уруп кетти. Полиция ооруканага жеткирилген ондогон кишинин абалы өтө оор экендигин билдирди. Премьер-министр Доминик де Вилапан тергөө жүрүп жаткандыгын кабарлады. Бул - Парижде акыркы 10 күндөгү үчүнчү улуу өрт.
Каргашалуу өрттөргө байланыштуу кечээ Парижде миңдеген киши демонстрацияга чыгып, жарды африкалык иммигранттарды турак-жай менен камсыз кылууну талап кылышты.
Каргашалуу өрттөргө байланыштуу кечээ Парижде миңдеген киши демонстрацияга чыгып, жарды африкалык иммигранттарды турак-жай менен камсыз кылууну талап кылышты.