Бакуда бүгүн Еврокеңештин башкатчысы Терри Дэвис 6-ноябрга белгиленген парламенттик шайлоо европалык жана эл аралык стандарттарга ылайык өткөрүлүшү керектигин белгиледи. 2003-жылы Азербайжандагы президенттик шайлоо мыйзам бузуулар менен коштолуп, массалык нааразылык акцияларын пайда кылган эле. Дэвис жана ЕККУнун азыркы төрагасы Дмитрий Рупел Азербайжанда парламенттик шайлоого даярдыктар менен таанышты.