Бийликтер Нью-Орлеан шаарында калгандардын баарын калаадан чыгып кеткенге чакырышууда. Шаардын теңинен көбүн суу басып калды. Кырсыктан набыт болгондор саны миңдеп саналышы мүмкүн дешет. Нью Орлеанды негизинен ындыкара калк байырлагандыктан бийликтер куткаруу иштерин начар уюштурду деген айыптарды мамлекеттик катчы Кондализа Райс четке какты.