БИШКЕК. Дүйшөмбү күнү Жогорку Кеңештин мурдагы чакырылыштарынын депутаттары: Орозбек Дүйшеев, Рамазан Дырылдаев, Кубанычбек Идинов, Бейше Молдогазиев жана Шергазы Мамбетов президент Курманбек Бакиевдин наамына кайрылуу жолдошту.
- Өзүңүздөр билесиздер, 1тонна 800 килограмм алтын Бирштейн, Сиабекого кетип калды. Аны чыр менен кайра алдык эле. Ал эми азыркы бүгүнкү күндөгү Кумтөрдөн алынган 157 тонна алтын биздин чөнтөккө түшкөн жок. Дагы кетип калды Канадага, - дейт экс-депутат Бейше Молдогазиев.
Кайрылууда экс-депутаттар Кыргызстандын алтын тармагындагы жагдайга олуттуу маани берип, өткөн он жыл ичинде жол берилген катачылыктардын баарын териштирүүгө президентти чакырган жана ал үчүн жооптуу дегендердин катарында Аскар Акаев, Турсунбек Чыңгышев, Апас Жумагулов, Кубанычбек Жумалиев, Николай Танаев өңдүү мурдагы жетекчилердин аттарын аташкан. Кайрылууда белгиленгенге караганда, Кыргызстан аймагында 17 алтын кени бар, азыркы тапта алардын экөө - Макмал жана Кумтөр алтын кендери гана иштеп, калгандары эмне себептен иштебей тургандыгы белгисиз.