Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:20

Парламенттик комиссия Айдар Акаевдин ишин кароого киришти


БИШКЕК. Парламенттик комиссия Айдар Акаевди депутаттык мандаттан ажыратууну сураган Башкы прокуратуранын сунушун кароого дүйшөмбү күнү киришти. Бул тууралуу ушул эле күнү комиссиянын төрагасы, депутат Искак Масалиев билдирди. Анын айтымында, комиссиянын 12-сентябрга белгиленген келерки отурумуна Айдар Акаев чакырылат. Ал кандайдыр бир себептер менен келбей калган шартта комиссия депутатка байланыштуу чечим чыгарууга укуктуу. Айдар Акаев март айынан бери парламенттин бир да отурумуна катыша элек. Муну адвокат Максим Максимович депутатка байланышкан кооптуу жагдай менен түшүндүрүп келет. Адвокаттын айтымында, Айдар Акаев комиссиянын ишине катышуу үчүн жакынкы күндөрү Бишкекке келгени жатат. Ал ошондой эле Айдарга негизсиз айып тагылып жаткандыгын, буга Кеминдин шайлоочулары нааразы экенин билдирди. Адвокаттын мындай маалыматын дүйшөмбү күнү ушул эле округдан депутаттыкка ат салышкан талапкерлердин бири Тойчубек Кадыралиев төгүнгө чыгарды. Анын айтымында, Акаев президент атасынын таасири менен гана депутат болгон. «Эгер депутаттар Айдарды депутаттык мандаттан ажыратпаса, шайлоочулар Жогорку Кеңешке нааразылык акциясына чыгышат” - деп билдирди экс-талапкер Кадыралиев.

XS
SM
MD
LG