Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:36

Парламент «Өкмөт жөнүндөгү» мыйзамды карай баштады


БИШКЕК. Аталган мыйзам долбоорун өкмөт 2003-жылдын 20-майында парламентке сунуштаган. Аны Жогорку Кеңештин кош палатасы 2004-жылы биринчи окулушунда кабыл алган. Өкмөт тарабынан кайра каралып сунушталган бул мыйзамды Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук, сот-укук реформасы жана адам укугу боюнча комитети 2-сентябрда карап, комитетке берилген 52 сунуштун 29ун жаратты жана 2-окулушунда кароону парламентке сунуштады. Бул тууралуу парламентке комитет төрагасы Камбаралы Конгантиев билдирди. Депутаттар мыйзамдын өзгөрүү киргизилген беренелерин гана карап жатышат. Бул күнү узак талаштан кийин парламент өкмөттү коллегиалдуу орган деп таап, өкмөттүн сунушун четке какты. Ал эми президент министрдин милдетин аткаруучу кызматка бир айлык мөөнөт менен гана бекитиш керек деген төрага Өмүрбек Текебаевдин сунушун колдогон жок. Текебаев бул күнү АКШга парламент төрагаларынын дүйнөлүк жыйынына катышуу үчүн Нью-Йоркко жөнөп кеткендиктен, отурумда анын орун басары Болот Шерниязов төрагалык кылып жатат. Талкуу 6-сентябрда уланат.

XS
SM
MD
LG